Ирак түркмөндөрүнүн абалы

Түркмөндөр аймактык жана адамзаттык кризистерге кошумча саясий” кризис менен да алпурушканга аргасыз...

112004
Ирак түркмөндөрүнүн абалы

Иракта Саддам Хусейин доорунан бери бул күндөргө чейин жерлеринен айрылган түркмөн эли, кайрадан курч абалга кабылгысы келген жок.
Ирак-Шам Ислам мамлекети (ИШИМ) террору соңунда Телафер ,Тузхурмату жана Мусулдагы үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан 10 миңге жеткен түркмөн ,ушуга окшогон трагедияга Керкүктө туш болгону турат.
Мусулду басып алган ИШИМ террор уюмунун Керкүккө багыт алышы менен Ирак армиясы качып , ал эми пешмергелер шаардын коопсуздугун колго алышкан.
ИШИМ жана Ирак армиясы ортосунда калган түркмөндөр үчүн , пешмергелер, коопсуздук башаты болчу...
Бирок, акыркы убактарда , Ирактын түндүгүндөгү Күрт башкармалыгынын, жүздөгөн жыл түркмөн мекени болгон Керкүктөн чыкпай тургандыгы жөнүндөгү түшүндүрүүлөр, түркмөндөр арасында жаңы тынчсызданууну жаратты.
Ирак Түркмөн фронтунун башчысы Эршад Салихи, аймакка барган ТРТнын командасына бул маселе жөнүндө билдирүү жасады.
Салихи,пешмергелердин Керкүккө келүүлөрү коопсуздук үчүн катардагы бир көрүнүш, бирок саясий жактан маанилүү маселе деп айтты.
Керкүк сыяктуу маанилүү жер үчүн билдирүү берүүдөн тынчсызданган Салихи, Керкүктүн Ирактын ичинде чечилбеген маселе болгондугун билдирди.
Салихи, Керкүктүн биргелешүү аркылуу Өзерк аймагы менен чечүүгө багытталган бир маселе болгондугун белгиледи.
Түркмөндөр азыркы убакта олуттуу бир кризис алдында турат.
Телафердин ИШИМ террор уюмунун көзөмөлүнө кириши менен бул аймактан качкан түркмөндөр, ар кайсы аймактарга тараган.
Кээ бирлери лагерлерде, кээ бирлери чатырларда жашоолорун өткөрүп жатышат.
Түркмөндөр ушул аймактык жана адамзаттык кризистерге кошумча түрдө саясий” кризис менен да алпурушканга аргасыз...
Ирактын Түркмөн фронтунун төрагасы Салихи жаңы түзүлө турган өкмөттө түркмөндөрдүн өкүлдүгү болбой калуу ыктымалы бар экендиги менен эскертти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар