БУУга түрк репортёр дайындалды

Тунжак БУУда репортерлук кызматын аркалаган үчүнчү түрк болду.

111031
БУУга түрк репортёр дайындалды


Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары кеңеши Башкурт Тунжакты бир добуштан БУУнун коркунучтуу заттардын жок кылынышы боюнча атайын репортёрлук кызматына шайлашты.
БУУнун Женевадагы кеңсесинде БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин төрагасы Элла Боддлер Ндонг кеңешке Тунжактын ысымын сунуштаганы боюнча, кеңеште бир добуштан чыгарылган чечим менен Адам укуктарынын экологиялык башкарылышы боюнча ишке ашыруулары менен коркунучтуу заттардын жана таштандылардын жок кылынышы боюнча атайын репортёрлук кызматына дайындалды.
Тунжак 2003-2009-жылдардын арасында Аялга каршы күч колдонуу боюнча атайын рапортёлук кызматын аркалаган проф.Якын Эртүрк жана май айында Азык түлүк боюнча атайын репортёр катары дайындалган проф.Хилал Элверден кийин БУУда атайын репортёрлук кызматын милдеттенген үчүнчү түрк болду.
Кесиби адвокаттык болгон Тунжак, мындан мурда да экология жана соода-сатык маселелелери тармактарында иштеди. АКШ жана Европа Биримдиги принциптеринин алкагында химиялык заттардын башкарылуу укугу тармагында адистешкен Тунжак, эң акырында Эл аралык Экология укугу борборунда адвокаттык милдетин аткарды.
Тунжак АКШдагы Колби университетинин биохимия бөлүмүнөн кийин кайрадан бул өлкөдөгү Сиэтл университетинин укук факультетин бүтүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар