Ирак-Шам ислам мамлекети уюму ИШИМге аскердик кийлигишүү зарыл

Пан Ги Мундун Ирактагы атайын өкүлү Николай Младенов ИШИМге аскердик кийлигишүү зарыл деп айтты.

107999
Ирак-Шам ислам мамлекети уюму ИШИМге аскердик кийлигишүү зарыл

Ирак-Шам ислам мамлекети уюму ИШИМге аскердик кийлигишүү зарыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун Ирактагы атайын өкүлү Николай Младенов Ирак-Шам ислам мамлекети (ИШИМ) уюмуна жана жактоочуларына аскердик кийлигишүүнү колдонуунун зарылчылыгын айтты.

Младенов, Багдаддан видео конференция ыкмасы аркылуу Нью-Йорк менен байланышып пресс конференция уюштурду жана журналисттерге Ирактагы акыркы окуялар тууралуу маалымат берип, кризисти чечүү жолдорун ортого салды.

Ирактагы кризистин себеби болгон ИШИМ жана куралдуу шериктеш топторунун зордук зомбулугуна басым жасаган Младенов, бул топторго аскердик операция жолу менен жооп берүү керектигин эскертип, бирок бул операциянын ийгиликтүү болушу үчүн Багдад менен Эрбилдин бирге иштешүүсү зарыл деген оюн айтты.

Младенов, ИШИМдин Иракка карай жылуусунун натыйжасында күнөөсүз жарандардын өлүмүнө да кайрылып, 5- июндан бүгүнкү күнгө чейин каза болгондордун саны 1300дөн ашкандыгын жана жаракат алгандардын 1250гө жеткендигин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар