Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу кыска болду

Кол салууда 9 киши каза болду

107230
Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу кыска болду

Орусия жактоочулары кечээ Славянскта Украинага таандык бир тик учарды атып түшүрдү. Кол салууда 9 киши каза болду. Кол салуу Орусия жактоочуларынын ок атууга баш ийишерин билдиргенден кыска убакыттан кийин ишке ашты.
*** Украинанын президенти Петро Порошенко аскердик тик учардын түшүрүлүүсүнөн бир канча сааттан кийин жасаган билдирүүсүндө жикчилдердин ок атууну токтотууну жарыялагандан бери Украина буктурмаларына 35 жолу ок атканын белгилеп, ок атууну токтотууну өз убактысынан мурда соңуна чыгарышы мүмкүн экенин айтты. Порошенко өлкөсүндөгү кагылышуулардын соңуна чыгарылышына карата даярдаган тынчтык планынын негизиндеги бир тараптуу ок атууну токтотууну жарыялаган болчу, Орусия жактоочулары жикчилдер да 27 – июнга чейин созула турган ок атууну токтотууга баш ийишерин билдирген болчу.
Орусиянын президенти Владимир Путин кол салуудан мурда орус армиясынын Украинага жиберилиши тууралуу парламент тарабынан 1 – мартта өзүнө берилген жоопкерчиликтин жоюлушун суранган, бул кадам да Украина фронтунда ыраазычылык менен кабыл алынган болчу. Кол салуунун аймактагы кагылышууларды кайрадан күчтүндүрүшүнөн тынчсыздануулар болууда. Кагылышуулардын кайрадан башталышынан тынчсызданган кишилер да аймакты таштап кетишүүдө. Азыртадан өлкөнү таштап Орусия тарабына өткөндөрдүн саны 15 миңге жетти. Украинанын Орусия чек арасында азыр да кезекке тургандар көп.
Орусия жерлерине баш калкалоону каалаган украиналыктар убактылуу курулган үйлөргө жайгаштырылууда. Орусия келген качкындар үчүн жаңы үйлөрдү курууда. Бир тараптан да Украинанын Луганск шаарына жардам материалдары жиберилүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар