Баардыгы өлкө сыртына чыгарылды

Өлкө тышында жок кылуу максатында, химиялык курал-жарактардын Сирия тышына ташылгандыгы кабарланды.

105813
Баардыгы өлкө сыртына чыгарылды

Өлкө тышында жок кылуу максатында, химиялык курал-жарактардын Сирия тышына ташылгандыгы кабарланды.

Химиялык курал-жарактарга тыюу салуу уюмунун башкы директору Ахмет Үзүмжү, Сирияга таандык химиялык заттардын акыркы бөлүгү кечээ күнү Латакия портунан Дания кемесине жүктөлгөндүгүн билдирди.

Бул Сирия белгилеген баардык химиялык заттардын акыркысы болгондугун билдирген Үзүмжү, өлкөдө мындан башка химиялык курал-жарактын бар же жок экендигин билбей тургандыгын кабарлады.

Жок кылуу иш чарасындагы кечигүүлөргө жана техникалык көйгөйлөргө карабастан, Сириянын өздөрү менен бирге иштешкендигин кеп кылды.

Химиялык курал-жарактарга тыюу салуу уюмунун алгачкы планына ылайык, Сирия сунуштаган химиялык заттарды, 2014-жылдын 5-февралына чейин коопсуз түрдө өлкө тышына чыгаруу жана ушул эле жылдын июнь айынын акырына чейин жок кылуу иштерин аяктоо керектиги белгиленген. Бирок кээ бир себептерден улам, жок кылуу ишиндеги кечигүүлөргө карата, Сирия өкмөтү аталган уюмга химиялык заттарды жок кылууга багытталган жаңы сунуш киргизген. Буга байланыштуу Сириядагы химиялык курал-жарактарды жок кылуу иштерин бүткөрү 30-июнга жылдырылган.

АЧЫК СУУ ҮСТҮНДӨ ЖОК КЫЛЫНАТ

Деңиз жолу менен Италиядагы бир портко жеткирилген химиялык заттар, ал жерден АКШ тарабынан даярдалган "Кейп Рей" аттуу кемеге жүктөлүп, ачык суу үчтүндө жок кылынат. Химиялык заттардын бир бөлүгү болсо Германия, Финляндия жана Англияга таандык каражаттар менен жоготулат.

ЧЫГЫМЫ 40 МИЛЛИОН ЕВРО

Өткөн жылдын ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы химиялык курал-жарактарды жок кылуу милдеттемесин алган Химиялык курал-жарактарга тыюу салуу уюму жок кылуу иштерине 40 миллион евро каржылангандыгын билдирди. Эскерте кетсек, аталган уюм бул иш үчүн жеке бюджет кабыл алган эле.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар