Ирактагы акыркы абал

ИШИӨ аскерлери тарабынан чабуул жасалып, 20 түркмөн каза болгондугу кабарланды.

100148
Ирактагы акыркы абал

Кечээ күнү Ирактагы Керкүк шаарына жакын жайгашкан түркмөн айылдарына Ирак-Шам Ислам өлкөсү террордук уюмунун (ИШИӨ) аскерлери тарабынан чабуул жасалып, 20 түркмөн каза болгондугу кабарланды.
Тузхурмату шаарынын башчысы дагы эки түркмөндүн да жоголгондугун билдирди.
Чабуулдан улам үч айылда жашаган түркмөндөр пешмергелердин (күрт аскерлери) жардамы менен Тузхурматуга баш калкалады.
Керкүктүн 9 километр түштүгүндөгү түркмөндөр жашаган Беширге да ИШИӨ тарабынан чабуул жасалып, бирок түркмөндөр жана коопсуздук күчтөрү тарабынан чабуулдун мизи майтарылды.
Ирак полициясы, айылды коргоого пешмергелердин да жардам бергенин айтып, кагылышуудан улам жогорку даражалуу бир пешмергенин жаралангандыгын жана 6 аскердин каза тапкандыгын билдирди.
Мусулга жакын Телафер районунда да кагылышуулардын болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келүүдө.
Ирак аскерлери, Телафердин кээ бир маалаларында коргоо иштерин жүргүзүп жаткандыктарын кабарлашты. Бирок маалымат көз карандысыз булактар тарабынан тастыкталган жок.
Ирак теле каналдары, жүк ташыган учактар менен Ирак аскерлери жана ыктыярчылардын Телаферге жөнөтүлгөндүгү тууралуу сюжетти жарыялашты.
Ирактагы Күрт аймактык башкаруусу, Дияла провинциясына таандык Жалула кичи районунда ИШИӨ аскерлери менен Пешмергелер ортосунда чоң кагылыштар болгондугун билгилешти.
Кагылышуудан 2 жарандын каза тапкандыгын жана 6 пешмергенин жаралангандыгын кабарлашты.
Ушуга улай эле Туркиянын Ирактагы түркмөндөргө жөнөткөн жардамы аймактарга жеткирилди.
Премьер-министрликке караштуу апаат жана куркырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (АФАД) тарабынан жөнөтүлгөн 4 оор жүк ташуучу унаа толгон материалдык жардам Сынжардагы түркмөндөргө таркатылды.
Жардамдарды алган түркмөндөр үй-жайларын таштап, баш калкалап жүргөн учурда Туркиянын бул мамилеси кубаныч тартуулаганын айтышты.
Бул учурда Ирактын АКШга ИШИӨгө каршы аба кол салуусун уюштуруу суранычы менен кайрылгандыгын айткан АКШнын башкы штабынын төрагасы Мартин Демсей сунушту кабыл алуу же албоо тууралуу маалымат бербеди.
Демсей “ИШИӨ менен күрөшүүбүз, улуттук коопсуздук кызыкчылыгыбыз”-деп гана жооп берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар