Кытайдын калкы улгайып баратат

Акыркы көрсөткүчтөргө караганда 60 жана андан жогорку жаштагы 202 миллион адам катоого алынган.

99464
Кытайдын калкы улгайып баратат

Кытай калкынын 15%ын 60 жаштан жогорку адамдар түзөт.
Дүйнөдөгү эң көп калк жашаган Кытай өлкөсү жыл сайын төрөлүүлөрдүн санын 1% га азайтып келүүдө. Бирок бул көрүнүш кары-картаңдардын көбөйүшүнө шарт түзүүдө.
Акыркы көрсөткүчтөргө караганда 60 жана андан жогорку жаштагы 202 миллион адам катоого алынган. Тагыраак айтканда калктын 15%ын кары-картаңдар түзөт. Мындан кийин да карылардын саны ар жыл сайын бир миллионго көбөйөөрү айтылууда. Бул өсүш жаңы көйгөйлөрдүн жаралышына түрткү берип, келечекте өлкөдө салык төлөгөн, иштеген же карыларды караган адамдардын санынын азайышына алып келээри айтылууда.
Ал эми оорукчан жана өздөрүн карай албаган улгайган адамдар карылар үйүндө күн көрүшүүдө. Бирок бардык шарттарга жооп берген карылар үйү жана аларды тейлеген кызматкерлер аз болгондуктан, өткөн жылы Кытайда ата-энеден кабар алуу милдеттемесин камтыган атайын мыйзам иштелип чыккан. Мыйзамга баш ийбегендер акчалай же абакка олтуруу жазасын тартышат.
Жалгыз балалуу саясатында да жеңилдиктер каралган, башкача айтканда үй-бүлөлү жубайлардын бирөөсү жалгыз бала болсо, аларга эки балалуу болуу укугу берилген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар