НАТО шашылыш жыйынга чогулду

Жыйын Түркиянын талабы боюнча өткөрүлдү.

92212
НАТО шашылыш жыйынга чогулду


Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугу террордук уюм тарабынан басылып алынгандыгына байланыштуу Анкара НАТОну шашылыш жыйынга чакырды.
Бул боюнча НАТО кезексиз чогулду.
Брюсселдеги НАТОнун кеңсесинде туруктуу өкүлдөр деңгээлинде өткөрүлгөн жыйындан кийин ТРТга маек куруп берген НАТОнун маалымат булактары:«Жыйын Түркиянын талабы боюнча өткөрүлдү, шериктеш өлкөлөр Мусулдагы окуялар жана түрк жарандарынын барымтага алынгандыгы темасында маалыматтандырылды»,-деп айтышты.
Шериктеш өлкөлөрдүн окуяга кылдат байкоо салып жаткандарын баяндашкан НАТОнун маалымат булактары, шериктештиктин түрк калкына жана барымтага алынгандардын коопсуз кайтып келүүлөрүнө колдоо көрсөтө тургандары белгиленди.
Жыйындын НАТОнун куруучу Вашингтон келишиминин 4-беренесинин алкагында эмес, маалыматтандыруу максатында өткөрүлгөнү баяндалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар