Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Кечээки сүйлөшүүлөр болжол менен беш саатка созулду.

88840
Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Ирандын атомдук программасына байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда.
Кечээ башталган жана бүгүн аяктай турган сүйлөшүүлөрдү ирандык делегациясынын атынан Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчы, ал эми америкалык делегациясынын атынан Американын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс жүргүзүүдө.
Кечээ беш саатка созулган сүйлөшүүдө Иран менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү жана Германиянын ортосунда 2013-жылдын 24-ноябрында Женевада түзүлгөн убактылуу келишимде көздөлгөндөр каралды.
Ушул алкакта 2014-жылдын 20-июлуна чейин макулдашылышына чечим чыгарылган туруктуу келишим темасынын сүйлөшүлгөнү белгиленди.
Ноябрь айындагы келишимдин негизинде Ирандын атомдук программасына чек коюлуп бул өлкөгө киргизилген кээ бир санкциялар жеңилдетилген.
Иран менен 5+1 өлкөлөрүнүн ортосунда Ирандын атомдук программасы боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасынын болсо 16-июнда өткөрүлөт.
Бул жыйындан мурда ирандык жооптуулардын башка айрым өлкөлөр менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандары сөз кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар