Лас Вегаста куралдуу кол салуу

Кол салуунун себебинен 5 киши каза тапты.

88521
Лас Вегаста куралдуу кол салуу

АКШнын кумарканалары менен атактуу шаары Лас Вегаста ресторанга кирген эки шектүү ал убакта тамак жеп жаткан эки полиция кызматкерине ок атышты. Полиция кызматкерлери ошол эле жерде мүрт кетишти. Бири аял эки шектүү полициялардын куралдарын алып көчөнүн ары жагындагы бир дүкөнгө кирип кетишти.
Ал жерде да бир кишини өлтүргөн шектүүлөр, полициялык топ келгенде алар менен ок атыша баштады.
Көргөн күбөлөрдүн айтканына караганда аял кол салгыч ок атышуу уланып жатканда жанындагы жолдошуна ок атып өлтүрдү жана андан кийин өз жанын кыйды. Көргөн күбөлөр, шектүүлөрдөн бири, «Бул бир төңкөрүштүн башталышы»,-деп кыйкырганын айтты.
Жооптуулар шектүүлөрдүн ысымдары жөнүндө маалымат бере элек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар