Сирияда шайлоо

Борбор шаар Дамаск жана башка шаарларда калктын шайлоого болгон кызыгуусунун аз экени байкалды

82769
Сирияда шайлоо

Сирияда мыйзамдуулук талаш – тартыштары болуп жатканда өткөрүлгөн президенттик шайлоо аяктады. Катышуунун абдан төмөн болуусу менен беш саатка созулган жана көптөгөн шайлоочу катышпаган шайлоодо режимдин текшерүүсүндөгү 10 миңге жакын шайлоо округунда берилген добуштар санала баштады. Борбор шаар Дамаск жана башка шаарларда калктын шайлоого болгон кызыгуусунун аз экени байкалды. Шайлоо округдарынын бир тобунда шайлоочулар кабиналарда добуш бербестен шайлоо кызматкерлеринин алдында добуш беришти. Асад жактоочуларынын шайлоочулардын добуш берип же бербегенин аныктоо үчүн бармактарын текшергени байкалды.
Оппозициячылдар 160 миңден ашуун жаран каза болгон өлкөдөгү шайлоонун мыйзамдуу эмес экенин жактап, «кандуу шайлоо» деп мүнөздөшүүдө. БУУ шайлоонун Женева сүйлөшүүлөрүнүн тышында өткөнүн билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар