Шайлоодо Сиси жеңип чыкты

82825
Шайлоодо Сиси жеңип чыкты

Египетте президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына караганда мурунку коргоо министри Абдулфеттах ес Сисинин жеңип чыкканы билдирилди. Египет жогорку шайлоо мекемесинин төрагасы Энвер ел – Аси борбор шаар Каирде өткөргөн маалымат жыйынында Сисинин 23 миллион 780 миң 104 добуш жана 96, 91 пайыз менен шайлоодо жеңүүчү болгонун билдирди.
Аси : «Шайлоого катышуу катнашы 47, 45. Добуштардын 96, 91 пайызын Сиси алып, Хамдин Саббахи 757 миң 511 добуш менен 3, 9 пайызга жетишти»,- деди. Расмий жыйынтыктар билдирилгенден кийин Сиси жактоочулары Каирдеги Тахрир аянтында чогула башташты. Коопсуздук күчтөрү аянтты авто жолуна жаап, аймактагы коопсуздук чараларын арттырды. Бир тараптан Сооккуга каршы жана мыйзамдуулукка колдоо берүү үчүн улуттук биримдик кыймылы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбаганын билдирди жана калкты жума күнү шайлоонун жыйынтыктарын протест кылууга чакырды.
Сауд Арабстандын расмий агенттиги СПАда орун алган кабарга караганда Король Абдуллах бин Абдулазизи шайлоодо жеңүүчү болгон Абдулфеттах ес Сисиге куттуктоо жиберди. Сисини куттуктаган король айрыкча Египет калкынын ичинде орун алган кыйын абалды өткөрүүсүнөн улам ыраазычылыгын билдирди. Англиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг да Египеттин президенти болуп шайланган Абдулфеттах ес Сисини куттуктап өлкөсө менен Египеттин арасындагы карым – катнаштардын Сиси мезгилинде өнүктүрүлүшүн ойлогонун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар