"Союз" учурулду

3 космонавтты ташыган «Союз» ракетасы Казакстандагы Байконур космостук базасынан учурулду

76079
"Союз" учурулду

Эл аралык космостук станциясына бара турган 3 космонавтты ташыган «Союз» ракетасы Казакстандагы Байконур космостук базасынан учурулду.
«Союз» ракетасы НАСА космонавтты Рейд Уайзман, Европа космостук агенттигинин космонавтты Александр Гертс жана орус космонавтты Максим Сураевди космостук станцияга алып барат.
Жаңы группа бул жерде март айынан бери станцияда кызмат кылган орус космонавттар Александр Скворцов жана Олег Артемиев менен НАСА космонавтты Стив Суонсонго кошулат. Уайзман, Герстер жана Сураев станцияда кенен масштабдуу иликтөө, тажрыйба пограммасын жүргүзүү жана жүк ташуу ракетасы боюнча иш алып баруу менен бирге ар кандай иштерди аткарышат. Космонавттар бул жердеги иштерин аткарып бүткөндөн кийин ноябрь айынын ортолорунда кайтып келишет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар