Иракта кол салуулар болду

Иракта жан кечтилик кол салууларда 31 киши каза болду

76146
Иракта кол салуулар болду


Ирактын борбор шаары Багдат менен Мусулда бомба жүктөлгөн унаалар менен жан кечтилик кол салуу жасалды. Кол салууларда 31 кишинин каза болгону, 42 кишинин жараланганы билдирилди.
Коопсуздук директорлугунан билдирилген маалыматка караганда борбор Багдаттын Ел – Жихат, Садр жана Ел – Эмин райондорунда бомба жайгаштырылган унаалар менен жасалган кол салууларда 12 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
Мусул шаарында да бир жан кечтилик кол салуучу айдаган жана бомба жайгаштырылган унаанын жарылып 7 киши аскер болуу менен 17 киши каза болду жана 4 киши аскер болуу менен 11 киши жараланды.
Мусулдун батышындагы Ес – Севра кварталында бомба жайгаштырылган бир унаанын жарылуусу менен 2 полиция каза болуп, 1 полиция жараланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар