Украинада шайлоо өтүп жатат

Украиналыктар бешинчи президентин шайлап жатышат.

73289
Украинада шайлоо өтүп жатат


Бул шайлоо Орусия менен батыштын ортосундагы талаш- тартыштын дал ортосунда калган өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү.
Орто эсеп менен 36 миллион шайлоочу 21 талапкер ат салышкан шайлоодо добуш берүүдө.
Эң көп мүмкүнчүлүгү болгон талапкер «Шоколад королу» каймана аты менен таанылган ишкер, мурдагы улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Петр Порошенко.
Крымды аннекция кылгандыгы үчүн Орусиянын катуу жазаландырылышы керектигин жактаган Порошенко, өлкөнүн бардык жеринен колдоо алууда.
Шайлоого катышуу катнашы акыркы жылдардагы шайлоолорго караганда жогору болушу күтүлүүдө.
Шайлоону биринчи турда жеңип чыгыш үчүн добуштардын жарымынан көбүнө ээ болуш керек.
Бул аткарылбаса эң көп добуш чогулткан эки талапкер 15-июндагы экинчи турда ат салышышат.
Украинанын 42 миллиондук калкынын санынын 17 пайызын орус тектүүлөр түзүп урат.
Орусия өзү үчүн стратегиялык мааниси болгон Крымды аннекция кылган жана Украинанын орустар жыш жашаган айрым чыгыш аймактары бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялай баштаган.
Ал жерлерде көп сандаган расмий имараттар орусиячыл куралчан топтордун колунда турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар