Вашингтон Орусияны эскертти
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинанын чыгышында жекшемби күнү өткөрүлүүсү пландалган референдумдун өлкөнү дагы да бөлө турганын баса белгиледи.
Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Кэтрин Эштонду Вашингтондо тосуп алган Керри Украинаны бөлө турган мыйзамсыз аракеттерди четке каккандарын баяндады.
25-майда боло турган президенттик шайлоону да эске салган Керри Орусиянын Украинадагы баш аламандыкты шылтоо кылып шайлоону жоюу же кечеңдетүүнү каалашы кабыл алынгыс экенин айтты.
Керри Орусияга карата санкцияларга да токтолду жана анын күчөтүлө турганын билдирди.
Бул учурда Вашингтон май айынын аягында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган Экономикалык форумга Америка фирмаларынын жетекчилерин катышпоого чакырды.
Вашингтондун бул чакырыгынан кийин катышуучулар тизмесинде орун алган Морган Стэнлинин жетекчиси Жеймс Горман форумга сапарын жойду. Ошондой эле Голдман Сакстын жетекчиси Ллойд Бланкфейндин да форумга катышуусу күтүлбөй эле.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718778091)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.