Расмуссендин Украина тууралуу маалыматы

Расмуссен: «Керек болгон учурда шериктештиктин мүчөлөрүн коргоо үчүн дагы көп кадам таштоодон тартынбайбыз».

63727
Расмуссендин Украина тууралуу маалыматы

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Украинада болуп жаткандарды суук согуштун соңуна чыгышынан бери Европа туш болгон эң оор кризис катары мүнөздөдү.
НАТОнун баш катчысы кечээ Брюсселде Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин шериктештиктин штабына жасаган сапарынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
Расмуссен өз сөзүндө Украинада болуп жаткан кризистин жалгыз эле Укриана менен чектелүү болбогонуна көңүл буруп, кризистин Евро-Атлантика жана Азия-Тынч океан аймактарынын коопсуздук жана ырааттуулугуна олуттуу таасирлери болгонуна токтолду.
Шериктештиктин мүчөлөрүнүн таасирдүү түрдө корголушунун НАТОнун эң негизги милдеттеринен бири болгонун белгилеген баш катчы, ушул себептен акыркы убактарда коллективдүү коргонууну күчтөндүрө турган кадамдар ташталганын жарыялады.
Шериктештиктин Бальтика өлкөлөрү менен Польша жана Румыниядагы базасын күчтөндүргөнүн белгилеген Расмуссен: «Керек болгон учурда шериктештиктин мүчөлөрүн коргоо үчүн дагы көп кадам таштоодон тартынбайбыз»,-деп айтты.
Япониянын премьер-министри Абэ болсо дүйнөдө учурдагы абалдын коркутуу же күч колдонуу менен өзгөртүлүшүн көрмөксөнгө сала албай тургандарын баса белгиледи.
Абэ Орусияга 25-майда Укрианада өткөрүлө турган президенттик шайлоонун жыйынтыктарына жана мыйзамдуулугуна урмат-сый көрсөтүү чакырыгын таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар