Нигерияда террордук уюм Боко Харам коркунучу уланууда

Нигериянын түндүк чыгышындагы Борго провинциясындагы бир мектептен 3 жума мурда 276 кыз окуучу уурдалган.

63730
Нигерияда террордук уюм Боко Харам коркунучу уланууда

Нигерияда террордук уюм Боко Харам коркунучу уланууда.
Уюм уурдап кеткен 200дөн ашуун кыз баланын куткарылышы үчүн АКШ да процесске кирди.
Боко Харамдын лидерлеринен Абубакир Шекау жарыялаган видеодо кыздарды кул катары сата турганын айткан.
Бул жарыя Нигерияда дагы өлкөнүн тышында дагы катуу каршы чыгууларга жол ачты, дүйнөнүн бир топ жеринде жана социалдык медиада кампаниялар баштатылды.
АКШ Нигерияга атайын бир комиссия жиберди.
Бул топто аскерлер менен катар барымтадагылар тууралуу соодалашууну жүргүзө турган адис жаран кыматкер да бар.
Вашингтон айыркча уурдалган кыздардын табыла алышына карай иш-чаралардын координациясы үчүн Абуджадагы элчиликте атайын бир борбор курат.
АКШнын президенти Барак Обама да: «Бул окуянын Боко Харам уюмуна каршы эл аралык коомчулуктун активдүү катышуусуна өбөлгө болушун үмүт кыламын»,-деп айтты.
Нигериянын түндүк чыгышындагы Борго провинциясындагы бир мектептен 3 жума мурда 276 кыз окуучу уурдалган.
Алардын ичинен 53ү террористтердин колунан качып кутулушкан, учурда 223ү барымтада кармалууда.
Эң акыркы жолу жекшемби күнү да 8 кыз окуучу барымтага алынды.
Бул кыздардын да Боко Харам тарабынан уурдалганы божомолдонууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар