Вашингтон Орусияга каршы санкцияларын күчөтүүдө

61706
Вашингтон Орусияга каршы санкцияларын күчөтүүдө

Вашингтон башкаруусу Орусияга каршы санкцияларын күчөтүүдө.
АКШнын мамлекеттик катчылыгы Орусияга экспорттолгон коргонуу техникаларына чектөө коюла турганын билдирди.
Ушул алкакта орус армиясына сатыла турган жогорку технологиядагы аскердик техникалардын бул өлкөгө экспорттолуусуна чектөө коюлду.
Мамлекеттик катчылык экспорттоло турган техникалардын да уруксат документтеринин жоюла турганын билдирди.
Орусиянын Украинадагы чыңалууну басаңдатуусу үчүн дагы бир жолу чакырык салган Вашингтон Женевада берилген убадалардын орундатылуусун талап кылды.
Москва болсо санкцияларды айыптады жана Орусиянын экономикасына анча таасирин тийгизбей турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар