Македонияда шайлоо жыйынтыктары жарыялана баштады

Өлкөнү 2006-жылдан бери коалиция менен башкарган партиялардын 3-мезгилде да парламентте көпчүлүккө ээ болуулары күтүлүүдө.

61532
Македонияда шайлоо жыйынтыктары жарыялана баштады

Македонияда өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоолорунда өкмөттөгү консервативисттер чоң айырма менен алдыда баратат.
Консервативисттер Скопьеде шайлоодогу ийгиликтерин майрамдай башташса, оппозициядагы борбордук солчул партия шайлоо жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирди. Македонияда жекшемби күнү өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи туру жана мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоонун жыйынтыктары чоң катнашта белгилүү болду.
Добуштардын 63 пайызы саналган жалпы шайлоолордо 2 мезгилден бери өлкөнү башкарып жаткан премьер-министр Никола Груевски башкарган Ички Македония төңкөрүшчүл уюму-Македноиянын улуттук биримдиги демократиялык партиясы 43 пайыз менен алдыда баратат.
Коалициянын өнөктөшү этникалык албандардын Демократиялык биригүү биримдиги да 14 пайыз добушка жетишти.
Өлкөнү 2006-жылдан бери коалиция менен башкарган партиялардын 3-мезгилде да парламентте көпчүлүккө ээ болуулары күтүлүүдө.
Башкы оппозициядагы партия Македониянын социал демократтар биримдиги болсо 24 пайыздык добуш менен экинчи орунда баратат.
Оппозиция шайлоолордо бурмалоо болгонун жана жыйынтыктарды тааныбай турганын белдирсе, бийликтеги партиянын мүчөлөрү шайлоо жыйынтыктарын Скопьеде чоң топ болуп белгиледи.
Президенттик жарышында да бийликтеги консервативист партия колдогон учурдагы президент Георге Иванов алдыда баратат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар