Эроглу Нью-Йоркто

60950
Эроглу Нью-Йоркто

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолукту.
 Эроглу 50 жылдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрдүн ушул жылдын акырына чейин макулдашуу менен жыйынтыкталышын күтүп жаткандарын айтты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу Бириккен Улуттар Уюмунун карамагында жүргүзүлүп жаткан Кипр сүйлөшүүлөрүндөгү акыркы абалга баа берүү үчүн Нью-Йоркто Пан Ги Мун менен жолукту.
 Эроглу жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында баш катчынын көпкө созулбаган мөөнөттүн ичинде аралда келишим түзүлүүсүн каалаганын айтты.
 Баш катчынын саясий иштер боюнча жооптуу орун басары Жеффри Фельтмандын да убак-убагы менен аралга келе турганын белгилеген Эроглу, баш катчы Пан Ги Мундун түрк тарабын келишимди каалаган тарап катары көргөнүн өздөрүнө да айтканын түшүндүрдү.
 Эроглу чечим табуунун ушул жылдын ичинде ишке ашуусун каалаганын Пан Ги Мун менен да бөлүшкөндөрүн билдирди.
  Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу: «Биз 50 жылдай убакыттан бери уланган сүйлөшүүнүн ушул жылдын акырына чейин келишим менен жыйынтыкталышын жана ар бир эки тарапта тең референдумга коюлушун күтүүдөбүз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар