Буларды билесиздерби?

Вакцина

1389049
Буларды билесиздерби?

                             

Түркияда вакцина чыгаруу иштеринин биринчи жолу Осмон империясы мезгилинде башталгандыгын билесиздерби?

1721 – жылы Британиянын элчисинин жубайы Леди Монтагу өлкөсүнө жазган катта Стамбулда чечекке каршы «вакцина деген бир нерсенин» жасалгандыгын жазган. Бул кат вакцинанын жасалгандыгына байланыштуу эң эски бир документ.

Француз химик жана микробиолог Луис Пастур кутурган иттер тууралуу жүргүзгөн эмгектерин улантуу үчүн мезгилдин мамлекет башчыларынан  жардам суранат. 2 -  Абдүлхамит жардам бере аларын бирок  эмгектерин Стамбулда жүргүзүшүн талап кылат. Бул сунушту кабыл албаган Пастурга 10 000 алтын жиберилет жана Осмон империясынан 3 кишиге да Пастур тарабынан жардамчы катары үйрөтүлүшү талап кылынат. Францияга барган 3 киши кайтарында иштерин улантуу үчүн «кутурма микробу» жуктурулган бир сөөк чучугун алып келишет. 1887 – жылдын январь айында Кутурма оорусун дарылоо мекемеси курулат. Бул мекеме дүйнөдө үчүнчү, чыгыштын биринчи кутурма борбору болгон.

Боштондук согушу учурунда да кыйын шарттар астында жаныбарлар менен адамдар үчүн вакцина өндүрүлөт, өндүрүш республика мезгилинде да улантылат. 1940 -  жылдарга чейин тиф, дифтерия, холера, тетаноз, кутурма вакциналары чыгарылган. 1940 -  жылы Түркия холера эпидемиясы үчүн Кытайга жергиликтүү холера вакцинасын жиберген.

 

 



Тектеш кабарлар