Ax-2 эл аралык космос станциясынан кайтып келди

CNN телеканалынын кабарына караганда «Ах-2» аты менен сапарын аяктаган 4 кишилик экипаж болжол менен 12 саатка созулган сапардан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатына конду.

1993670
Ax-2 эл аралык космос станциясынан кайтып келди

Америкалык «Axiom Space» космос компаниясынын Сауд Арабиясынын астронавттары да кирген экинчи коммерциялык Ax-2 космос корабли Эл аралык космос станциясынан кайтып келди.

CNN телеканалынын кабарына караганда «Ах-2» аты менен сапарын аяктаган 4 кишилик экипаж болжол менен 12 саатка созулган сапардан кийин Америка Кошмо Штаттарынын Флорида штатына конду.

Ax-2 экспедициясына атайын астронавт катары НАСАнын тажрыйбалуу астронавты Пегги Уитсон (капитан) жана теннессиялык ишкер Жон Шоффнер (учкуч), ошондой эле Сауд Арабиянын эмчек рагын изилдөөчү Райян Бернави жана саудиялык учкуч Али Карни катышты.

"Axiom Space" компаниясынын экинчи коммерциялык учуусунда болгон Бернави космоско чыккан биринчи саудиялык аял болду.

Болжол менен 8 күнгө созулган Ax-2 экспедициясы учурунда Бернави жана Карни космостук станциянын микрогравитация чөйрөсүнө ылайык өзөк клеткаларын изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Изилдөөчүлөрдүн космостук станциядагы лабораториянын тартылуу күчү жоктугунан улам илимий изилдөөлөрүндө жакшы натыйжаларга жетишкени, ал эми Бернави менен Карни дуэтинин жалпысынан 20 изилдөө жана илимий долбоор үстүндө иштегени белгиленди.



Тектеш кабарлар