Дайынсыз жоголгон аргентиналыктын сөөгү акуланын курсагынан табылды

Окуяга байланыштуу иликтөөнүн уланып жатканы кабарланды.

1952872
Дайынсыз жоголгон аргентиналыктын сөөгү акуланын курсагынан табылды

Аргентинанын түштүгүндөгү Комдоро Ривадавия жээгиндеги шаарчада дайынсыз жоголгон Диего Барриянын сөөгү балыкчылар кармаган акуланын курсагынан табылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирүү жасаган полиция кызматкери Даниэла Миллатруз, Барриянын ким экенин анын денесиндеги татуировкасы аркылуу үй-бүлөсүнүн аныктаганын айтты.

Балыкчылардын Аргентинанын Чубут провинциясында кармаган акуланы тазалап жатып адамдын сөөктөрүн тапканын белгилеген Миллатруз, окуяга байланыштуу иликтөөнүн уланып жатканын кабарлады.

Миллатруз Барриянын акыркы жолу жээкте көрүлгөнү жана деңизде сүзгөндөн кийин жоголгону тууралуу маалымат алгандарын айтты.

Жетекчилер, Баррия катуу толкунга кабылып деңиздин ичине тартылып кеткен деп шектенишет.

Комодоро Ривадавиянын полиция башчысы Кристиан Ансалдо да өз билдирүүсүндө Барриянын расмий өздүгүн тастыктоо үчүн ДНК тести жасаларын айтты. Ансалдо Барриянын калдыктары табылган акуланын узундугунун 1,5 метрге жакын экенин белгиледи.


Этикеткалар: #ДНК тести , #акуланын

Тектеш кабарлар