Дүйнөдөгү эң чоң жанар тоо 38 жылдан кийин атылды
Гавайдагы жанар тоо обсерваториясынын кызматкери Кен Хон 38 жылдан кийин болгон чоң жарылуунун артынан афтершимдердин болгондугун айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Гавайи штатында дүйнөдөгү эң чоң активдүү жанар тоо Мауна Лоа 38 жылдан кийин атылды.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) тургундарга жанартоо өтө динамикалуу болуп, агындын багыты менен ылдамдыгы өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Бийликтер аралдын жашоочулары мүмкүн болгон эвакуацияга жана эң жаман сценарийге даяр болушу керек деп билдирди.
Гавайдагы жанар тоо обсерваториясынын кызматкери Кен Хон 38 жылдан кийин болгон чоң жарылуунун артынан афтершимдердин болгондугун айтты.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлери Гавайи аралындагы абанын сапаты көзөмөлдөнүп жатканын жана азыр жакшы абалда экенин билдиришти.
Тектеш кабарлар
Жасалма интеллект менен үн жасоо...
OpenAI тарабынан компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.