Жаман түштөр Паркинсон оорусунун башталышы болушу мүмкүн

UPIде орун алган кабарга караганда, Англиянын Бирмингем университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө жаман түш көрүү менен Паркинсон оорусунун ортосунда байланыш бар экени айтылган.

1840756
Жаман түштөр Паркинсон оорусунун башталышы болушу мүмкүн

Жаман түштөр кээ бир улгайган адамдарда Паркинсон оорусунун башталышынан кабар бериши мүмкүн деп айтылат.

UPIде орун алган кабарга караганда, Англиянын Бирмингем университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө жаман түш көрүү менен Паркинсон оорусунун ортосунда байланыш бар экени айтылган.

Абидеми Отаику жетектеген изилдөө Кошмо Штаттардагы 3800дөн ашык улгайган эркектердин 12 жылдык маалыматтарын талдады.

Катышуучулардан ар кандай маалымат, анын ичинде алардын уйкусу тууралуу маалыматтар алынды.

Изилдөөнүн башталышында тез-тез жаман түш көрүп же жаман түш көргөндөрдүн Паркинсон оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы тынчы жок түш көрбөгөндөргө караганда эки эсе жогору болду.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, улгайган адамдарда титирөө, катып калуу жана жай кыймыл сыяктуу Паркинсондун типтүү симптомдору пайда болгонго чейин бир нече жыл мурун болгон түнт түштөр оорунун белгиси болушу мүмкүн.

Изилдөө «eClinicalMedicine» журналында жарыяланган.



Тектеш кабарлар