Түрк окуучуларынын рак изилдөөлөрү боюнча долбоору дүйнөлүк биринчиликти алды

Адана Океан Колледжи Илим жана технология лицейинин окуучулары Мелиса Боз жана Лидер Эфе Йогундун изилдөөдөгү ийгилиги...

1741349
Түрк окуучуларынын рак изилдөөлөрү боюнча долбоору дүйнөлүк биринчиликти алды

Түркиялык окуучулар Мелиса Боз жана Лидер Эфе Йогун тарабынан даярдалган хрен, анар кабыгы жана цитрус кабыгынын экстрактыларынын рак оорусуна себеп болгон ферментке тийгизген таасири боюнча долбоор 2021-жылы эң чоң илим уюмдарынын бири болгон Global Competition for Life Sciences (GloCoLis) сынагында биринчиликти жеңип алды.

GloCoLis 2021 20-24-ноябрь аралыгында онлайн режиминде өттү. Сынакка 21 өлкөдөн 150 түрдүү долбоор катышты.

Адана Океан Колледжи Илим жана технология лицейинин окуучулары Мелиса Боз жана Лидер Эфе Йогун «Рак метаболизминдеги негизги фермент Аденозин Деаминазанын (ADA) ингибирленишине хрен, анар жана цитрус өсүмдүктөрүнүн таасирлерин изилдөө» аттуу долбоор менен жарышты.

Долбоор тууралуу маалымат берген 9-класстын окуучусу Лидер Эфе Йогун рактын метаболизминдеги негизги фермент Аденозин деаминазаны (ADA) ингибирлөө боюнча хрен, анар кабыгы жана цитрус кабыгынын таасирин аныктоону максат кылгандарын айтты.

Рак дарылоодо колдонулган химиотерапиянын зыяндары жана таасирлери эске алынганда табигый жана эффективдүү чечимдерди чыгаруунун сөзсүз болоорун баса белгилеген Йогун: «Изилдөөбүздө алынган натыйжаларга баа бергенибизде, анар кабыгынын, хрендин жана цитрус кабыгынын компоненттери рак ткандарындагы ADA ферментин катуу бөгөт коюу менен рактын алдын алат, рак ткандарындагы метастазды басаңдатат жана бул жол менен медициналык дарылоону күчөтөт»,-деп айтты.

Ал эми 10-класстын окуучусу Мелиса Боз:«Биз долбоорду жакшыртууну көздөп жатабыз. Биз колдонгон экстракттарды ракты дарылоодо химиотерапиянын ордуна колдоно ала турган табигый вакцинага же дарыга айландыргыбыз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар