Түрк аба жолдору 3 жылдан кийин Ооганстанга биринчи каттамын ишке ашырды

Түрк аба жолдорунун учагы Кабул эл аралык аэропортуна конду.

2142200
Түрк аба жолдору 3 жылдан кийин Ооганстанга биринчи каттамын ишке ашырды

Түрк аба жолдору (THY) Ооганстанга 2021-жылдын августунда бийликтин алмашуусунан улам үзгүлтүккө учураган каттамдарын кайрадан баштады.

3 жылга жакын убакыттан кийин Түрк аба жолдорунун биринчи учагы Кабул эл аралык аэропортуна конду.

Учакты Түркиянын Кабулдагы элчилигинин кызматкерлери, Ооганстандагы түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алышты.

Түрк аба жолдорунун Стамбул-Кабул каттамдары жумасына 4 жолу шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Түркиянын Кабулдагы элчилигинин кеңешчиси жана миссиясынын башчысы Женк Үнал аземде сүйлөгөн сөзүндө, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин өз ара ишеним жана кызматташтыктын негизинде күндөн-күнгө чыңдалып жатканын баса белгилеп: «Түрк аба жолдорунун каттамдарынын башталышы бул ишенимдин эң ачык белгиси»,-деди.

Аземде сөз сүйлөгөн ооган жетекчилери да Түрк аба жолдорунун Ооганстанга каттамдарын баштаганына кубанычта экендиктерин айтышып, THY жана Түркияга ыраазычылык билдиришти.

Кабул эл аралык аэропортунун жетекчиси Абдулхади Мухаммеди да Түрк аба жолдорунун Ооганстанга каттамдарын баштоосунун, өлкөдө коопсуздуктун камсыздалганынын көрсөткүчү экенин жана башка дүйнөлүк авиакомпанияларга үлгү боло турганын айтты.

Көптөгөн авиакомпаниялар сыяктуу эле Түрк аба жолдору да Ооганстандагы башкаруунун алмашуусунан улам 2021-жылдын 15-августунда бул өлкөгө каттамдарын токтоткон болчу.



Тектеш кабарлар