Румыниянын премьер-министри Түркияда

Чолаку жана аны коштогон делегация Анкарада Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирге зыярат кылышты.

2142439
Румыниянын премьер-министри Түркияда

Румыниянын премьер-министри Йон-Марчел Чолаку президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келди.

Чолаку жана аны коштогон делегация Анкарада Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирге зыярат кылышты.

Чолаку Аныткабирдин атайын китепчесине кол коюп, эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин түзүлүшүнө байланыштуу расмий сапар менен Анкарага келгенин айтты.

Конок премьер-министр Чолаку китепчеге: «Республиканын негиздөөчүсү, көрөгөч реформатор, аскер стратеги жана дипломаты Мустафа Кемал Ататүрккө таазим кылуу мен үчүн сыймык. Түркия Республикасынын кылымдык тарыхында Румыния менен Түркия Республикасынын ортосундагы карым-катнаштар акырындык менен жакшы коңшулук жана достуктан НАТО шериктештигине жана аймактык өнөктөштүккө чейин өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жетти. Кара деңиздин жана аймактын коопсуздугу, мамлекеттерибиздин экономикалык бакубаттуулугу, өз ара жана стратегиялык кызыкчылыктарыбыз үчүн эки тараптуу кызматташуубуздун, диалогубуздун уланышын жана тереңдешин чыдамсыздык менен күтөм»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар