Румыниянын премьер-министри расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди

Конок премьер-министрди Президенттик комплексте президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

2142502
Румыниянын премьер-министри расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди

Румыниянын премьер-министри Марчел Чолаку расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга келди.

Конок премьер-министр Президенттик комплексте президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.

Аземден кийин президент Эрдоган менен Румыниянын премьер-министри Чолаку жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

Келишимдерге кол коюу аземи жана Чолаку менен биргелешкен пресс-конференцияга катыша турган Эрдоган, премьер-министрдин урматына расмий кечки сый тамак берет.



Тектеш кабарлар