Нуман Куртулмуш черкес сүргүнү тууралуу билдирүү жарыялады
160 жыл мурда Падышалык Россия Кавказ аймагында жашаган черкестерди абдан оор шарттарда ата мекенинен чыгууга мажбурлаган жана сүргүн учурунда көп сандаган киши каза болгон.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш черкес сүргүнүнүн 160 жылдыгынан улам эскерүү билдирүүсүн жарыялады.
Куртулмуш социалдык медиа эсебинен берген билдрүүсүндө буларды айтты : «Ата мекенинен депортацияланышынын 160 - жылында черкес бир туугандарыбыздын кайгысын абдан тереңден сезип жатамын. Сүргүн учурунда каза болгон күнөөсүз кишилерди эскерип, артта калган неберелеринин бүтпөгөн кыйынчылыктарын бөлүшөмүн. Адамзат тарыхынын уялтуучу документтеринин бири болгон Чоң черкес сүргүнүн унаткан жокпуз жана унутпайбыз».
160 жыл мурда Падышалык Россия Кавказ аймагында жашаган черкестерди абдан оор шарттарда ата мекенинен чыгууга мажбурлаган жана сүргүн учурунда көп сандаган киши каза болгон.
Тектеш кабарлар
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.