Министр Өмер Болат Чехияда

Соода министри Өмер Болат Түркиянын Европа Биримдигинин негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтты.

2142511
Министр Өмер Болат Чехияда

Соода министри Өмер Болат Түркиянын Европа Биримдигинин негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтты.

Болат Чехия сапарынын алкагында борбор шаар Прагада өткөрүлгөн «Түркия - Чехиянын экономика жана соода биргелешкен комитетинин экинчи мөөнөттүү жыйналышына» катышты.

Министр Болат бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Европа Биримдиги экономикасындагы мааниге көңүл буруп : «Европа Биримдиги биздин 41 пайызы экспорт кылган негизги соода өнөктөшүьүз. Соода катары Европа Биримдигинин үчүнчү өлкөлөр маанисинде бешинчи өнөктөшү Түркия. Тактап айтканда Европа Биримдиги үчүн да Түркия эч качан кемсинтилбей турганчалык бир өнөктөш»,- деди.

Өмер Болат  сөзүндө Чехия менен болгон соода максаттарына да басым жасап : ''Чех Республикасы менен инвестициялык, соода жана туризм мамилелерибизди мындан ары да арттырууну каалайбыз. Чехия менен болгон соода 20 жыл мурунку 450 миллион доллардан болжол менен 13 эсеге өсүп, 6 миллиард долларга жакындады. «Ушул учурда Чехия Түркиянын 2024 - жылдагы максаттуу өлкөлөрүнүн арасында»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар