Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту

Министр Байрактар ​​жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.

2142243
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Кытайдын борбор шаары Пекинде жаратылыш ресурстары министри Ван Гуанхуа менен жолугушту.

Министр Байрактар ​​жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө : «Кытай Эл Республикасынын жаратылыш ресурстары министри Ван Гуанхуа мырза менен жолугушуубузда  өлкөбүз менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жаратылыш ресурстары,  минералдар жана сейрек кездешүүчү элементтер жана тоо-кен казып алуу тармактарындагы потенциалдуу кызматташуубузду өнүктүрүү боюнча макулдаштык",- деди

Байрактар ​​министр Гуанхуа менен жолугушуусунан мурда Кытайдын эң чоң энергетика фирмаларынан SPIC менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууга байланыштуу да маалымат берген Байрактар : "Пекинге болгон иш сапарыбыздын биринчи жолугушуусун Кытайдын эң ири энергетикалык компанияларынын бири болгон жана өлкөбүзгө олуттуу инвестицияларды салган SPIC менен өткөрдүк. Өлкөбүздүн 2053 - жылдагы таза нөл максатына ылайык өзөктүк жана кайра жаралуучу энергия тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлорубузду талкуулоо менен жол картасын аныктадык»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар