Куртулмуш Калибафка көңүл айтты

Куртулмуш расмий сапар менен барган Казакстандын Түркстан шаарында Иран парламентинин спикери Калибаф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2142314
Куртулмуш Калибафка көңүл айтты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Иран парламентинин спикери Мухаммед Бакир Калибафка Улуу Улуттук Жыйындын жана Түрк улутунун атынан көңүл айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда, Куртулмуш расмий сапар менен барган Казакстандын Түркстан шаарында Иран парламентинин спикери Калибаф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Куртулмуш Калибафка мурунку күнү тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн көңүл айтты.

Кайгылуу кабарды Казакстандагы жолугушуулары учурунда укканын билдирген Куртулмуш: «Парламенттин атынан, улутубуздун атынан дос жана боордош Иран элине чын жүрөктөн көңүл айтып сабырдуулук тилейм. Каза болгондордун жакындарына да көңүл айтам»,-деди.



Тектеш кабарлар