Эрдоган - Алиев сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык процессинин оң багытта бараткандыгына ыраазы экендигин билдирип, Түркиянын процессти жакындан байкап жаткандыгын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия - Азербайжан карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык абалдар каралды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык процессинин оң багытта бараткандыгына ыраазы экендигин билдирип, Түркиянын процессти жакындан байкап жаткандыгын айтты.
Эрдоган аймактагы адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын Азербайжан, Армения жана башка аймактык өлкөлөр үчүн да жаңы атмосфера алып келерин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Түркия-Косово экономикалык форуму
Соода министри Өмер Болат форумда Косовонун премьер-министри Альбин Курти менен жолугушту.