АКЫНЖЫ дүйнө жүзү боюнча баш сөздө орун алды

200 миңден ашуун киши заматта артынан түшүп байкаган AKINCI TIHA бир нече сааттын ичинде урандыларды аныктады.

2141953
АКЫНЖЫ дүйнө жүзү боюнча баш сөздө орун алды

Ирандын президенти Ибрахим Реисини ташыган тик учактын сыныктарын аныктаган АКЫНЖЫ(чабуулчу учкучсуз учуучу аппарат) дүйнөлүк басма сөздө башкы темаларды жаратты.

Ирандын президентин ташыган Bell 212 тик учагы Азербайжандан кайтып келе жатканда Тебриз шаарындагы тоолуу аймакка кулап түшкөн.

Ошол учурдан тартып ирандык топтор издөө-куткаруу иштерин күчөтүштү, бирок алар бир канча саат бою иштегени менен эч кандай жыйынтыкка жетишкен жок.

Түн киргенде Иран Түркиядан түнкү көрүүчү тик учак сураган. Ошол учурдан тарта Түркияда абага көтөрүлгөн AKINCI TIHA (АКЫНЖЫ-чабуулчу учкучсуз учуучу аппарат) Ирандын аба мейкиндигинде кыйраган тик учакты издөөгө киришти.

200 миңден ашуун киши заматта артынан түшүп байкаган AKINCI TIHA бир нече сааттын ичинде урандыларды аныктады.

Түрк учкучсуз учуучу аппаратынын сыймыктанткан ийгилиги дүйнө күн тартибинде биринчи орунга чыкты.

Америка Кошмо Штаттарында чыгуучу Times Now News гезити «Байрактар ​​Акынжы Ирандын президентинин тик учагынын түшкөн жерин аныктаган түрк учкучсуз учуучу аппараты болду» деген тема коюп, түрк учкучсуз учуучу аппараты ирандыктар бир нече саат бою жасай албаган нерсени жасай алганы жөнүндө жорум жазды.

Акынжынын ийгилигине орун берген Грециянын «Пентапостагма» гезити «Түрк учкучсуз учуучу аппараты Акынжы ирандык тик учактын сыныктарынын ордун аныктады. Реиси жана Ирандын тышкы иштер министри Эмир Абдуллахияндын сөөгү табылды» деген темада окурмандарына маалымат берди.

Грекиянын башка бир гезити «Оналерт» гезити «Иранда тик учак кулады... Түрк учкучсуз учуучу аппараты Акынжы «жылуулук булагын» аныктады» деген баш макаласын жарыялады.



Тектеш кабарлар