Тышкы иштер министри Хакан Фидан Пакистанда жолугушууларды өткөрүүдө

Хакан Фидан ошондрй эле тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хүсейн Эмир Абдуллахиян үчүн көңүл айтты.

2141613
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Пакистанда жолугушууларды өткөрүүдө

Тышкы иштер министри Хакан Фидан расмий сапар менен барган Пакистанда вице-премьер жана тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дар менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар жана 7-Пакистан-Түркия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешине даярдыктар каралды.

Фидан, андан соң Пакистандын тышкы иштер министри менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында, Түркия менен Пакистандын Ислам дүйнөсүнүн үнүн угуза алуу үчүн кызматташуусун уланта турганын белгиледи.

Пакистандын Түркиянын стратегиялык өнөктөшү экенин айткан министр Фидан: «Ортобуздагы бир туугандык байланыштарды чогуу ишке ашыруу үчүн дагы бир кадам ташташыбыз керек экенин көрдүк. Атап айтканда, соода көлөмүбүздү 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн орток максат койдук. Өзгөчө коргоо өнөр жайы баш болгон инвестициялар менен өнөктөштүгүбүздү абдан кең чөйрөдө алдыга жылдыруу үчүн чечимдерди кабыл алдык»,-деди.

Фидан сөзүн мындай улантты: «Аймактык көйгөйлөрдү талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Газа жана Ооганстан маселелерин кеңири талкууладык. Ооган боордошторубуздун туруктуу тынчтыкка жетиши үчүн эмне кыла аларыбызды сүйлөштүк. Газадагы гуманитардык кылмыштарга каршы Пакистан менен мамилебиз бирдей. Башкаларга дайыма адам укуктары жана демократия жөнүндө үйрөткөндөрдүн (Израилдин Газадагы) бул кылмышка шериктештигин айыптайбыз».

Хакан Фидан ошондой эле тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хүсейн Эмир Абдуллахиян үчүн көңүл айтты.

«Кырсык тууралуу кабар алгандан тарта биз Иран бийлиги менен байланышта болдук. Колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоого аракет кылдык. Бардык мекемелерибиз колдон келген аракетин жасады. Бирок тилекке каршы алган кабар бизди капалантты. Иран элине көңүл айтабыз, кырсыктан каза болгондорго Аллахтан ырайым, жакындарына сабырдуулук тилеймин»,-деди.

Тышкы иштер министри Фидан расмий жолугушууларынын алкагында борбор шаар Исламабадда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тарабынан кабыл алынгандан кийин Сенаттын төрагасы Юсуф Реза Гилани менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар