Түркия мамлекетинин жетекчилери Иранга көңүл айтууда

Ирандын 8-президенти Ибрахим Реиси менен тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахияндын тик учак кырсыгында каза болушуна байланыштуу Түркиядан көңүл айтуу билдирүүлөрү да келүүдө.

2141674

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Кырсыктан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Реиси мырзага Аллахтын ырайымын тилейм. Анын үй-бүлөсүнө, дос жана боордош Иран элине көңүл айтам жана кайгысын тең бөлүшөм. Ошол эле кырсыкта каза болгон Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян жана башка каза болгондор үчүн көңүл айтам».

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө, тик учак кырсыгында Реиси менен Абдуллахиян жана аларды коштогон делегациянын каза болушуна терең кайгырганын билдирип: «Биз Иран мамлекетине жана боордош Иран элине көңүл айтабыз. Боордош Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз»,-деп айтты.

Тектеш кабарлар