Аныткабирге кечээ 222 миң киши зыярат кылды

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бактын катышуусунда кечээ эртең менен өткөрүлгөн расмий аземден кийин Аниткабир 10.00-21.00 (Түркия убактысы боюнча) аралыгында коомчулукка ачылды.

2141452
Аныткабирге кечээ 222 миң киши зыярат кылды

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү улуу жол башчы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн (1881-1938) түбөлүктүү жайы Аныткабирге 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам 221 миң 717 киши зыярат кылды.

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бактын катышуусунда кечээ эртең менен өткөрүлгөн расмий аземден кийин Аниткабир 10.00-21.00 (Түркия убактысы боюнча) аралыгында коомчулукка ачылды.

Ар кандай курактагы миңдеген атуулдар Ататүрк плакаттары, түрк желектери жана гүлдөрү менен Атасын зыярат кылышты.

19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам Аныткабир кечээ 221 миң 717 кишини кабыл алды.

Ататүрктүн мавзолейине гүл койгон жарандардын айрымдары дуба кылышты.



Тектеш кабарлар