Куртулмуш Казакстан жана Өзбекстанга барат

Куртулмуш Казакстандын Түркстан шаарына барат жана ал жерде Хожа Ахмет Йесеви университетинде уюштурулган программада сөз сүйлөйт.

2141231
Куртулмуш Казакстан жана Өзбекстанга барат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш 19-23-май күндөрүнүн аралыгында расмий сапар менен Казакстан жана Өзбекстанга барат.

Куртулмуш өткөрө турган сүйлөшүүлөрдө Казакстан жана Өзбекстан менен болгон кызматташтыкты жана парламенттер аралык карым-катнаштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн аткарыла турган иштер каралып, айрыкча түрк дүйнөсү менен алака, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуулар болот.

19-21-майда Казакстандын борбор шаары Астанада расмий иш сапары менен боло турган Улуттук Парламенттин төрагасы Куртулмуш Казакстан парламентинин спикери Ерлан Кошанов, Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана премьер-министри Олжас Бектенов менен өз-өзүнчө жолугушат. Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.

Куртулмуш Казакстандын Түркстан шаарына барат жана ал жерде Хожа Ахмет Йесеви университетинде уюштурулган программада сөз сүйлөйт.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш 22-23-майда Өзбекстандын борбору Ташкентке барып Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Нурдинжан Исмаилов, Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушат..

Куртулмуштун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан да кабыл алынышы пландалууда.



Тектеш кабарлар