Алтун Америкадагы түрк коомчулугуна кайрылуу жасады

Алтун Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн «41-Салттуу түрк күнү маршынан» улам Мэдисон Сквер Паркта видео кайрылуусу менен Америкадагы түрк коомчулугуна кайрылды.

2141211
Алтун Америкадагы түрк коомчулугуна кайрылуу жасады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Америкадагы түрк коомчулуктун маданий карым-катнаштарда көпүрө катары маанилүү ролду ойноорун айтты.

Алтун Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн «41-Салттуу түрк күнү маршынан» улам Мэдисон Сквер Паркта видео кайрылуусу менен Америкадагы түрк коомчулугуна кайрылды.

Алтун 80 жылдан бери бар болгон жана күн сайын активдүүлүгүн жогорулатуу менен АКШнын күчтүү жана динамикалык элементине айланган Америкадагы түрк коомчулугунун Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы маданий карым-катнаштарда көпүрө катары маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Алтун Америкадагы түрк коомчулугунун «түрк улутунун бирден өкүлү жана атуул дипломаты» катары көрүлгөнүн белгилеп: «АКШдагы жарандык коом уюмдарында активдүү роль ойноп, коомуңуздун натыйжалуу мүчөсү болушуңузду ар дайым колдойбуз»,-деп айтты.

Фахреттин Алтун тынчтык, демократия жана гүлдөп-өнүгүү темасында орток көз карашта болгон жана 70 жылга жакын союздаш болгон эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий жактан тыгыз карым-катнаштардын түзүлүшү Түркия менен Америка элдеринин салымдары менен мүмкүн боло турганын баса белгиледи..

Алтун Америка бийлигинен мусулман жана түрк коомчулугуна карата жек көрүүчүлүк аракеттерине каршы катуу чара көрүлүшүн күткөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар