Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди

Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.

2141123
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди

Тышкы иштер министрлиги Крым татар түрктөрүнүн сүргүнгө айдалышынын  80 жылдыгын жана черкес сүргүнүн 160 жылдыгын эске салып, Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрүн жарыялады.

Министрликтен берилген маалыматта : "Крым татар түрк калкынын  1944 -  жылы  18 -  майда Советтик социалисттик республикалар союзу тарабынан сүргүнгө айдалышынын  80 -  жылын кайгылануу менен эскеребиз. 80 жыл мурда бүгүн жүз миңдеген Крым татары туулган жерлеринен чыгарылып түрдүү өлкөлөрдөгү эмгек лагерлерине сүрүлгөн ; начар шарттардан улам кары  - картаңдар, балдар жана аялдар болгон көп сандаган киши каза болду. Андан бери 80 жыл өткөнүнө карабастан Крым татар калкынын узурпацияланган  укуктары кайтарылып бериле элек. Крымдын мыйзамсыз аннексияланышы жаңы кыйынчылыктарга жол ачты. Түркия өткөн күндө болгондой эле мындан кийин да күбөлүктөрүнүн сакталышы; коопсуздуктарынын түзүлүшү үчүн Крым татарларынын жанында болуу улантылат",- деп айтылды. 

Падышалык Россия тарабынан Кавказ аймагында жашаган черкестерге карата сүргүндүн да  160 -  жылы экендигине көңүл бурулуп : "Черкес сүргүнү Түркия кайгы менен эскерген дагы бир трагедия. Мындан 160 жыл мурун 21 - майда Кавказ элдери абдан катаал шарттарда өз мекендерин таштап кетүүгө аргасыз болуп, көптөгөн адамдар каза болгон. Крым татарларынын  жана Кавказдын боордош элдеринин кыйынчылыгын бөлүшүп жана урмат  - сый менен  эскеребиз»,- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар