Түрк инвестиция фонду түзүлөт
Түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана соода карым - катнаштарын өнүктүрүү максатында Түрк инвестиция фонду түзүлөт.
Түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана соода карым - катнаштарын өнүктүрүү максатында Түрк инвестиция фонду түзүлөт.
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Стамбулда Түркия инвестиция фондун түзүү жыйынында сөз сүйлөдү.
Министр Шимшек фонддун 500 миллион долларлык капитал менен түзүлө турганын айтып : "Түрк инвестиция фондун түзүүдөгү эң чоң максатыбыз түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана соода карым - катнаштарынын өнүгүүсүнө салым кошуу",- деди.
Түрк инвестиция фонду коомдук жана менчик инвестициялардын ылдамдатылышына салым кошот.
Бир нече тармакта долбоорлорго техникалык колдоо берет.
Фонд чакан жана орто ишканалардын, инфраструктуранын, энергетика, айыл чарба, туризм сыяктуу бир нече тармактагы инвестициялардын артышында орчундуу роль аткарат жана улантылып жаткан экономикалык өнүгүүгө салым кошот.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.