"Next by TRT World Forum 2024" башталууда

Көптөгөн эл аралык баяндамачы катыша турган иш - чарада өз тармагындагы адистер менен бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдору изделет.

2141020
"Next by TRT World Forum 2024" башталууда

Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын бул жылы  3 -  өткөргөн  "Next by TRT World Forum 2024" Стамбулда башталууда.

Көптөгөн эл аралык баяндамачы катыша турган иш - чарада өз тармагындагы адистер менен бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү чечүү жолдору изделет.

Технология, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана көптөгөн глобалдык маселелер талкууланат.

Катышуучулар инклюзивдүү жана туруктуу келечекти калыптандырууну максат кылышат.

"Next by TRT World Forumда"  семинарлар жана интервьюлар менен катар адистердин панелдери өткөрүлөт.
Баяндамачылардын арасында Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжы да бар.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы уюштурган иш - чарага коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун катышуусу күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар