Президент Эрдоган менен Казакстандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия менен Казакстандын карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия менен Казакстандын карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган алдыдагы мезгилде эки өлкөнүн карым - катнаштарына жаңы өлчөмдөрдү алып келүүнү максат кылгандарын айтты.
Казакстандагы сел апаатынан кийин абалдын калыбына келишинен кубанычтуу экендигин айткан президент Эрдоган Түркиянын ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин айтты.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Токаевди туулган күнү менен да куттуктады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.