Польшага ТБ 2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты тапшырылды

Коргоо өнөр жайынын башчысы Халук Гөргүн Байрактар ​​TБ 2нин акыркы системасы Польшага жеткирилгенин жарыялады.

2140810
Польшага  ТБ 2  куралдуу учкучсуз учуучу аппараты тапшырылды

Түркиядан Польшага TБ 2  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар тапшырылды.

Коргоо өнөр жайынын башчысы Халук Гөргүн Байрактар ​​TБ 2нин акыркы системасы Польшага жеткирилгенин жарыялады.

Түркия биринчи жолу НАТОго жана Европа Биимдигине мүчө өлкөгө куралдуу учкучсуз учуучу аппаратын ийгиликтүү экспорттошкондорун  айтты.

БАЙКАРдын башкы директору Халук Байрактар тапшырууга байланыштуу : "Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагындагы жөндөмдүүлүктөрүн дүйнө сахнасында көрсөтүүдөн сыймыктанабыз",- деди. 

Ар бири 6 даана учак жана  3 даана жерди көзөмлдөө станциясынан турган  4 башка пакеттин тапшырылышы үчүн 2021 -  жыл май айында  Польша менен келишимге кол койгон. 

 

 



Тектеш кабарлар