Мехмет Фатих Кажыр эл аралык технология жана демилге фирмаларын Түркияда инвестиция салууга чакрыды
Кажыр бир нече программага катышуу үчүн барган Британиянын борбор шаары Лондондо Tech.EU саммитинин ачылыш сөзүн сүйлөгөндөн кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр эл аралык технология жана демилге фирмаларын Түркияда инвестиция салууга чакрыды.
Кажыр бир нече программага катышуу үчүн барган Британиянын борбор шаары Лондондо Tech.EU саммитинин ачылыш сөзүн сүйлөгөндөн кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кажыр жалпы көлөмү 30 миллиард доллардан ашкан эл аралык венчурдук фонддун жетекчилери менен жолугушту.
Түркиядагы технология стартаптын экосистемасы жана стимул системасы тууралуу түшүндүрмө берген министр Кажыр фонддорду жана фирмаларды Түркияга инвестиция салууга чакырды.
Кажыр Британиянын технология жана санариптик экономика министри Сакиб Бхатти жана жөн салуучу реформа министри Доминик Жонсон менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялар талкууланды.
Министр Кажыр эки министрди Түркиядагы Саха Экспо жана TEKNOFEST көргөзмөлөрүнө чакырып, Түркиянын жергиликтүү жана улуттук электр унаасы TOGGду тааныштырып, үлгүсүн белекке берди.
Маектешкен министрлер эки өлкөнүн кызматташтыгынан канааттангандыктарын жана бул кызматташтыкта жогорку потенциалдын бар экенин айтышты.
Министрлердин өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана илимий-изилдөө тармагындагы өнүгүүлөрдүн таасирдүү экендигин жана эң кыска убакытта Түркияга бара тургандарын билдиришкендери белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган түрк аба күчтөрүн куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк аба күчтөрүн 113 жылдыгы менен куттуктады.