Террор менен күрөш уланууда

Ирактын Хакурк аймагында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кол салууга даярданып жаткан террористтер Баяр менен Эл Ахмед таасирсиз кылынды.

2140292
Террор менен күрөш уланууда

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) база аймактарына кол салууга даярданган жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө 2 террористти Ирактын Хакурк аймагында таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, MİT ПКК/КЖК террордук уюмунун мүчөлөрү «Туфан Кочер» каймана аттуу Ахмет Баяр менен «Мерван Зереван» каймана аттуу Ахмед Ибрахим Эл Ахмеддин Түрк куралдуу күчтөрүнүн база аймагына кирүү үчүн буйрук алганын аныктады.

Андан кийин Ирактын Хакурк аймагында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кол салууга даярданып жаткан террористтер Баяр менен Эл Ахмед таасирсиз кылынды.

Баярдын 2012-жылы террордук уюм ПККга кошулганы, мурда Сирияда иш алып барганы жана уюмдун жогорку даражалуу мүчөлөрүн коргогону, Эл Ахмеддин болсо 2014-жылы Кандилде кол салуу боюнча машыктырылганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар