Европа Биримдигинин Коопсуздук изилдөөлөр институту : Түркиянын төрт орчундуу  аймакта маанилүү күч

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан институт тарабынан жарыяланган «Түркиянын дүйнөдөгү карталары» аттуу баяндамада Түркиянын Батыш Балкандар, Түштүк Кавказ, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы эффективдүүлүгү каралды.

2140396
Европа Биримдигинин Коопсуздук изилдөөлөр институту  : Түркиянын төрт орчундуу  аймакта маанилүү күч

Европа Биримдигинин аналитикалык борборунун Коопсуздук изилдөөлөр институту (EUISS) Түркиянын төрт орчундуу  аймакта маанилүү күчкө ээ экенин билдирди.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан институт тарабынан жарыяланган «Түркиянын дүйнөдөгү карталары» аттуу баяндамада Түркиянын Батыш Балкандар, Түштүк Кавказ, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы эффективдүүлүгү каралды.

«Түркиянын ар кайсы аймактардагы изи кеңейди» билдирүүсүндө Түркиянын акыркы 20 жылда бул аймактарда таасири күчөгөнүнө көңүл бурулду.

Отчетто  Түркиянын төрт орчундуу аймакта экономика, соода, билим берүү, маданият жана дипломатия тармактарында күчтүү актер болгондугу белгиленип, глобалдык масштабда жогорулаган позициясына жана кеңири жайылган дипломатиялык тармагына көңүл бурулду.

Түркиянын өзгөчө бул аймактарда тездик менен кеңейип, алар менен тыгыз карым-катнаштарды түзгөнү белгиленди.

Дипломатиядан тышкары Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТ, Анадолу агенттиги, Түрк аба жолдору, Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКА, Маариф фонду жана Юнус Эмре институту сыяктуу мекемелердин ойногон  ролу да белгиленди.

Отчетто телесериалдар менен 152 өлкөдө 750 миллион көрүүчүгө жеткен Түркиянын жумшак күчүндө медианын маанилүү бир курал болгону билдирилип : "Түркия англис тилдүү болбогон өлкөлөргө сериал экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидер жана бул тармакта АКШ менен Улуу Британиядан кийин үчүнчү орунда турат»,-деп айтылды.

Европа Биримдигинин коопсуздук изилдөөлөр институтунун отчетунда коргонуу өнөр жайындагы жетишкендиктерге да басым жасалды

 

 



Тектеш кабарлар