Ураоглу Түрксат 6Анын ишке кириши тууралуу маалымат берди

Уралоглу Түркиянын азыркы спутниктеринин Европа, Жакынкы Чыгыш, Түрк Республикалары, Ыраакы Чыгыштын бир бөлүгү жана Африканын маанилүү бөлүгүн камтыганын түшүндүрдү.

2139918
Ураоглу Түрксат 6Анын ишке кириши тууралуу маалымат берди

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Түркиянын биринчи ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги TÜRKSAT 6Aны июнь айынын башында Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жөнөтө тургандарын айтты.

Уралоглу Түрк Аэрокосмос өнөр жайы (TUSAŞ) кампусунда Космос системаларынын интеграциясы жана сыноо борборунда (USET) TÜRKSAT 6A тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Спутник боюнча иштерди бүтүргөндөрүн белгилеген Уралоглу : «ТҮРКСАТ 6Аны учуруу процессине кирдик. Түркиянын коммуникациясы, телекөрсөтүүлөрү, аскердик жана жарандык байланыштары үчүн бир спутникке муктажбыз. Учурда Түркиянын космсто 5 байланыш, 4 байкоочу спутниги бар. Булардын жардамы менен биз өзүбүздүн муктаждыктарыбызды канааттандырабыз, ошондой эле жакынкы географиябыздагы өлкөлөргө кызмат көрсөтүүнү жана жеткирүүнү камсыздайбыз»,-деп айтты.

Уралоглу TÜRKSAT 6A спутнигин ата мекендик жана улуттук ресурстар менен өндүргөндөрүн, июнь айынын башында АКШга жөнөтө тургандарын, 8-14-июль аралыгында космоско учура тургандарын айтты.

Уралоглу Түркиянын азыркы спутниктеринин Европа, Жакынкы Чыгыш, Түрк Республикалары, Ыраакы Чыгыштын бир бөлүгү жана Африканын маанилүү бөлүгүн камтыганын түшүндүрдү.

«ТҮРКСАТ 6А спутнигибиз менен Индия, Таиланд, Малайзия жана Индонезияны камтыйбыз. Камтылган адамдардын санын болжол менен 3,5 миллиард кишиден 5 миллиардга чыгарабыз. Өлкөбүз бул спутник менен коопсуз байланышты камсыздайт»,-деди.

Түркиянын сөз болуп жаткан спутникти жасаган 10 өлкөнүн бири экенин баса белгилеген Уралоглу: «Кийинки спутникке суроо-талап бар өлкөлөргө муну жасап сатууга даярбыз»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар